USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Таластын тургуну «Йакын Инкар» агымынан баш тартты

10:55, 21 июля 2022, Бишкек - 24.kg

Талас облусунун тургуну «Йакын Инкар» диний экстремисттик агымдын идеологиясынан баш тартты. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка караганда,   Талас облусунун Талас районунун тургуну Б.Д.Ж. тандап алган диний багытынын туура эмес экенин түшүнүү менен кабыл алып, экстремисттик идеялардан баш тартып, жарандарды «Йакын Инкар» ДЭАнын мүчөлөрүнүн мыйзамсыз чакырыктарына алданбоого чакырды.

Б.Д.Ж. «Йакын Инкар» ДЭАнын активдүү мүчөсү катары өзүнүн миссионердик билдирүүсүндө медициналык мекемелердин кызматынан (эмдөөдөн) баш тартууга, бийликтин жана расмий дин кызматкерлеринин административдик документтерин тааныбоого чакырып, ошондой эле башка диний агымдардын өкүлдөрүнүн ишмердүүлүгүн сынга алган.

Азыркы учурда КР УКМК тарабынан «Йакын Инкар» ДЭАнын жана башка диний-экстремисттик агымдардын ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу, ошондой эле калк арасында алдын алуу иш-чаралары улантылууда.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18