USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

COVID-19 вирусуна кабылгандардын саны кескин өсүүдө

12:18, 15 июля 2022, Бишкек - 24.kg

Акыркы суткада 85 бейтап COVID-19 вирусуна чалдыкты. Бул тууралуу Санитардык жана эпидемиологиялык көзөмөл кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 85 адамдын 28си коронавирустун белгилери менен дарыгерге кайрылган. 57 кишиден учуу алдында аныкталган.

Өткөн суткада 12 бейтап ооруканага жаткырылды.

Бишкек шаарында 76 кишиден вирус табылса, Чүйдө −3, Жалал-Абадда −2, Ошто-1.

Алардын ичинен 18 адам эки жолу вакцина алган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18