USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бишкекте 32 бүтүрүүчү «Алтын тамга» аттестатын алды

15:37, 07 июля 2022, Бишкек - 24.kg

Бишкекте мектептин 32 бүтүрүүчүсү «Алтын тамга» артыкчылык аттестатын алды.

Артыкчылык аттестатты тапшыруу А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өтүп, ага калаа мэри Эмилбек Абдыкадыров катышты.

Эскерте кетсек, «Алтын тамга» аттестатына өлкө боюнча 80 бүтүрүүчү татыктуу болгон. Анын 40 пайызы Бишкектин окуучулары.

Ал эми жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгы боюнча 57 окуучу жогорку балл алган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18