USD87.45EUR95.90RUB1.07
24.kg

ИИМ алдында зомбулукка каршы акция өтүүдө

15:45, 05 июля 2022, Бишкек - 24.kg

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) алдында бүгүн 5-июлда кыз-келиндерге карата зомбулукту токтотуу талабы менен акция өтүп жатат. Укук коргоочулар жана жарандык активисттер катышкан акцияда министрдин отставкасы да талап кылынууда.

Бир нече күндөн бери Кыргызстанда зордуктоого кабылган 13 жаштагы кыздын окуясы кызуу талкууланууда.

«Кылым шамы» укук коргоо борборунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова акциянын максатын бул окуядагы айыптууларды жазага тартууга, мындай кылмыштарды алдын алууга коомчулуктун көңүлүн бурдуруу аракети менен түшүндүрдү:

«Коомчулук мындай иштерге кайдыгер карабай, жок дегенде сөзүбүз менен айтып, министрге, прокуратурага суроолорубузду берип, сотко да көзөмөл салып турушубуз керек».

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18