USD87.45EUR95.90RUB1.07
24.kg

Украина менен Орусия туткундарды алмашты

09:27, 29 июня 2022, Бишкек - 24.kg

28-июнда Украинанын Коргоо министрлигинин чалгын башкармалыгынын жетекчиси Орусия менен туткундарды алмашуу болгонун билдирди.

Маалыматка караганда, туткунга түшкөн 15 орус жоокери 16 украин аскер кызматкери менен бир карапайым жаранга алмаштырылган. Алардын ичинен 14ү жоокер, экөө офицер болгон.

«Украинская правда» басылмасы билдиргендей, туткунга түшкөндөрдү арасында деңизчилер менен десанттар бар. Алар эки ай мурун колго түшүшкөн. Аскерлердин бешөө алмашууга чейин орус ооруканаларында болгон, дагы бешөөнүн жаракаты оор жана тезинен дарылоого муктаж.

Алмашуу Херсон жана Николаев облустарынын чек арасында жүргөн. Бул аймак учурда орус армиясынын көзөмөлүндө.

Орусиянын Коргоо министрлиги алмашуу жөнүндө комментарий бере элек.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18