USD87.45EUR95.90RUB1.07
24.kg

Бир түндө жылдызга айланган Бегимай Турусбекова бүгүн «Ынтымак» паркында ырдайт

16:20, 21 июня 2022, Бишкек - 24.kg

Бир түндө жылдызга айланган Бегимай Турусбекова бүгүн «Ынтымак-2» паркында ырдайт. Бул тууралуу ал өзү instagram баракчасында билдирди.

Ал кечки саат 20.30да күйөрмандарын парктан күтөт.

Бегимай Турусбекованын «Ынтымак» паркында ырдаганы интернетте кеңири таркап, соцтармактарда кызуу колдоого алынган. Көпчүлүк анын жандуу үнүнө баа беришүүдө.

Өзүнүн айтымында, мурда кафе-ресторандарда ырдап жүргөн. Үй-бүлөлүү болгондон кийин ырчылыкты таштап, айылга көчүп кеткен.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18