USD87.45EUR95.90RUB1.07
24.kg

Акылбек Жапаров Минск шаарына жумушчу сапары менен келди

19:50, 20 июня 2022, Бишкек - 24.kg

Акылбек Жапаров Минск шаарына (Беларусь) жумушчу сапары менен келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, эки күндүк жумушчу сапарынын жүрүшүндө министрлер кабинетинин башчысынын төрагалыгы астында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өтөт.

Акылбек Жапаров ошондой эле Минск шаарындагы Жеңиш монументине гүлчамбар коюу аземине катышат, "«Великий камень» Кытай-Беларус индустриалдык паркына барат, мындан тышкары бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18