USD87.45EUR95.90RUB1.07
24.kg

Бишкек — Балыкчы жүргүнчү поезди 17-июндан тарта каттай баштайт

14:56, 10 июня 2022, Бишкек - 24.kg

Бишкек — Балыкчы багытындагы жүргүнчү поезди каттай баштайт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан билдирди.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылы 17-июндан 17-июлга чейин жума, ишемби, жекшемби күндөрү, ал эми 18-июлдан 31-августка чейин күнүгө Бишкек-2 — Балыкчы багытындагы өлкө ичиндеги жүргүнчү поезди каттай баштайт.

«№ 608 «Бишкек-2 — Балыкчы» поезди Бишкектен саат 07:40та чыгып, Балыкчы станциясына саат 11:42де жетет, ал эми № 609 «Балыкчы — Бишкек-2» поезди Балыкчыдан саат 17:48де чыгып, Бишкекке 21:50дө келет», — деп айтылат маалыматта.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18