USD87.45EUR95.90RUB1.07
24.kg

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Сингапурду жеңди

08:53, 09 июня 2022, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Сингапурдун командасы менен оюн өткөрдү.

Беттеш борбор калаадагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда болду.

«Ак шумкарлар» кооптуу чабуулдарга чыкканы менен гол жарата алган жок. Биринчи тайм 0:0 эсебинде аяктады.

Экинчи таймдын 55-мүнөтүндө Сингапурдун оюнчусу эсепти ачканга жетишти. Ал эми оюндун 76-мүнөтүндө Сингапурдун дарбазасына 11 метрлик айып сокку белгиледи. Топту команда капитаны Валерий Кичин тээп, эсепти 1:1ге өзгөрттү.

Беттештин 81-мүнөтүндө «Ак шумкардын» оюнчусу Виктор Майердин соккусу атаандашынын дарбазасынан орун алды. Кыргызстан 2:1 эсебинде жеңүүчү аталды.

2023-жылы өтө турган футбол боюнча Азия кубогунун тандап алуу оюндарынын алкагында Кыргызстандын курама командасы F тайпасында Тажикстан, Мьянма жана Сингапурдун командалары менен жайгашкан. Бул тайпадагы бардык оюндар Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда өтөт.

Белгилей кетсек, «Ак шумкар» 11-июнда Мьянма, 14-июнда Тажикстандын курама командасы менен оюн талаасына чыгат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18