USD87.45EUR95.90RUB1.07
24.kg

«Аска-Таш» комплексинде кайрадан оңдоо иштери башталды

09:11, 08 июня 2022, Бишкек - 24.kg

«Тазалык» муниципалдык ишканасы өз бөлүгүндө оңдоо иштерин улантууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Юлиус Фучик көчөсүн бойлой жайгашкан Аска-Таш комплексинде «Бишкек» деген жазуусу бар постаменттин керамогранитин алмаштырууну баштадык.

Мындан тышкары, стела жана петроглифтер сырдалды.

Буга чейин ушул эле комплексте тазалыкчылар фонтандарды, отургучтарды, урналарды, «Бишкек» деген жазууну жана стеладагы орнаментти сырдашкан.

Фонтандардын четтерин оңдоого да жетишип, үн өткөрбөй турган тосмолор дагы орнотулган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18