USD87.45EUR95.90RUB1.07
24.kg

Алымкадыр Бейшеналиевге карата жети иш козголгону белгилүү болду

10:31, 03 июня 2022, Бишкек - 24.kg

Башкы прокуратура саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге карата жети кылмыш ишин козгогонун 2-июнда билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, бир кылмыш иши «коррупция» беренеси боюнча, эки иш «опузалап пара алуу», төрт иш «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана билип туруп пайдасыз контракт түзүү» беренелеринин негизинде козголду.

«Учурда Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгы тергөө аракеттерин жүргүзүүдө. Тергөөнүн жүрүшүндө кошумча маалыматтар берилет» деп билдирди Башкы прокуратура.

Андан мурдараак Башкы прокуратура министр Бейшеналиев коррупцияга шектелип кармалганын билдирген.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18