USD87.45EUR95.90RUB1.07
24.kg

Жогорку Кеңеште Мадумаров менен Ташиев кайым айтышты

18:40, 02 июня 2022, Бишкек - 24.kg

2-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында өкмөттүк күн башталды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев аткезчилик боюнча маалымат берүүнүн алдында депутат Адахан Мадумаровду «УКМКга далилсиз сын айтууда» деп айыптады.

«Парламент трубунасынан айтылып жатат. «УКМКнын кызматкери элдин канын соруп жатат, жон терисин шылып атат» деген мааниде сөздөрдү айтып жатат. Эч кандай фактыларга таянбастан, саясий амбициясын калыбына келтирүүгө аракет кылган депутат Мадумаровго мен ачык айтып коюшум керек. Мындай аракеттериңизди токтотпосоңуз, биз дагы сиз жөнүндө аткезчиликти кандай калкалап жатканыңызды ачык айтабыз», — деди Ташиев.

Депутат Мадумаров отурган ордунан «далил менен сүйлө» деп кыйкырды. Мадумаров менен Ташиев кайым айтышып, аларды спикер Талант Мамытов сабырдуулукка чакырды.

Баткен облусунда район-шаарлар ортосунда аткезчиликке каршы уюштурулган көзөмөл бекеттер маселеси Жогорку Кеңеште кайрадан көтөрүлдү.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18