USD87.45EUR95.90RUB1.07
24.kg

Алмазбек Атамбаев Улуттук кардиология борборуна жеткирилди

17:59, 25 мая 2022, Бишкек - 24.kg

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 25-майда Бишкек шаарындагы Улуттук кардиология борборуна жеткирилди. Бул тууралуу мурагы депутат Ирина Карамушкина билдирди.

Мурдагы президент 2019-жылдын 8-августунан бери камакта отурат. 2020-жылдын Октябрь окуясынан кийин бир аз убакыт эркиндикте болгон.

2020-жылдын октябрь айындагы жапырт башаламандык боюнча акыркы жараян 25-апрелде өтүп, Атамбаев алып келинген эмес. Жараянда ага Бишкектеги Улуттук кардиология жана терапия борборунан текшерүүдөн өтүүгө уруксат берилгени айтылган.

Ага чейинки сот отурумдарында ал ден соолугуна байланыштуу катыша албастыгын айтып, чыр чыгарган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18