USD87.45EUR95.90RUB1.07
24.kg

Ошто жапырт уулануудан кийин дүкөндөрдөгү азыктар текшерилүүдө

11:52, 04 мая 2022, Бишкек - 24.kg

Ош шаарынын санэпидкөзөмөл борбору калаадагы бардык соода түйүндөрүндө атайын рейд баштады. Адистер мөөнөтү өткөн жана этикеткасы жок азыктарды күркөлөрдөн алып жатышат. Тез бузулуучу жана сүт азыктарына өзгөчө көңүл бурулууда. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

1-майда Кара-Суудагы «Сахобат» цехинде даярдалган таттуу токочтон 30дан ашуун адам ууланган. Алардын 18и чоң кишилер, калганы балдар. 3-майда облустук ооруканадан алардын абалы жакшы экенин билдиришти.

Цехтин ээсине 7500 сом, бузулган таттуу токочту саткан дүкөн ээлерине 1000 сомдон айыппул салынып. Беш миң кондитердик азык сатыктан алынган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18