USD87.45EUR95.90RUB1.07
24.kg

Кыргызстан Казакстанга кире турган жүк ташуучу унааларга көзөмөлдү күчөтөт

10:17, 22 апреля 2022, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандан Казакстанга кире турган жүк ташуучу унаалардын коштоп жүрүүчү документтери текшерилет.

Бул үчүн Салык кызматы, ИИМ, Транспорт министрлиги жана Чек ара кызматынын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлдү. Алар «Ак-Тилек» өткөрмө бекетине жакын айланма жолдо иш алып барышат.

Салык кызматы бул чек арада уналардын топтолушуна каршы көрүлүп жаткан чара экенин белгиледи. Айдоочулар ташып бараткан жүктүн QR-коду бар электрондук эсеп-фактурасын кагазга чыгарып алышы керек.

Казак-кыргыз чек арасында маал-маалы менен жүк ташуучу унаалардын узун кезеги жаралып турат, айрым учурда ал бир нече чакырымга чейин жетет. 20-апрелге карата төрт өткөрмө бекетте 300дөн ашык фура топтолуп калган.

Күн мурун министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Арзыбек Кожошев менен Казакстандын премьер-министринин орун басары — соода жана интеграция министри Бахыт Султановдун сүйлөшүүсүнөн кийин кезек кыйла азайган. Казакстан электрондук эсеп-фактура жана товарлардын транзити болгон учурда текшерүү жүргүзбөөгө макул болгон. Ошол эле маалда кыргыз тарап электрондук документтери жок фураларды өткөрбөөгө милдеттенме алган.

Товарлардын тиешелүү электрондук эсеп-фактурасы жок фураларды казак тарап артка кайтарат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18