USD87.45EUR95.90RUB1.07
24.kg

Мектепке электрондук кезек. Ата-энелер Билим берүү министрлигине келишти

17:05, 11 апреля 2022, Бишкек - 24.kg

Баласын 1-класска электрондук кезекке тургуза албай жатканын айткан ата-энелер тобу Билим берүү жана илим министрлигине барып, нааразылыгын билдиришти. Министрлик электрондук системага биринчи күнү катталуучулар көп болуп, системага күч келгенин жана бардык каалоочулар сөзсүз катталарын айтты.

11-апрелде Кыргызстанда мектепке 1-класска электрондук кезекке туруунун алгачкы этабы башталды. Ал 27-июнга чейин уланып, кезек баланын катталган дареги боюнча түзүлөт. Андан кийинки этап 10-сентябрга чейин уланып, бала кезекке катталган жерине карабастан, жашаган дареги боюнча тургузулат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18