USD87.45EUR95.90RUB1.07
24.kg

Орусияда бир жыл ичинде 224 кыргыз жараны баңги зат менен кармалды

10:10, 08 апреля 2022, Бишкек - 24.kg

2021-жылы 224 кыргыз жаранына карата баңги затын мыйзамсыз жүгүртүү айыпы менен 327 кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчиги маалымдайт.

2020-жылы Кыргызстандын 151 жаранына карата 191 кылмыш иши козголгон.

«Россия Федерациясынын укук коргоо органдары бул адамдар көбүнчө тез жана оңой акча табуу максатында атайылап кылмыш жасап жатканын белгилешет», — дейт элчилик.

Дипломатиялык өкүлчүлүктүн айтымында, Орусиянын аймагында жасалып жаткан баңги заттарды сактоо, сатуу жана ташуу менен байланышкан кылмыштардын саны акыркы жылдары көбөйүп жатат.

«Баңги затын тараткандык үчүн жаза иштин жагдайына жараша жана Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 228-беренесине ылайык 4 жылдан 20 жылга чейин жаза күтө. Эркинен ажыратуунун орточо мөөнөтү — 7 жыл. Абактагылардын көбү 16 жаштан 30 жашка чейинкилер», — дейт элчилик. 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18