USD87.45EUR95.90RUB1.07
24.kg

COVID-19. Бир суткада 1 кишиден вирус аныкталды

09:05, 08 апреля 2022, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда 8-апрелге карата коронавирус дагы 11 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Чүй облусунда — 1 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада Бишкек шаарында илдеттен 9 адам сакайды», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде каза болгондор катталган жок.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 86 бейтап, амбулатордук түрдө 15 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 969 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 288 киши айыгып чыкса, 2 миң 989 адам каза болду.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18