USD87.45EUR95.90RUB1.07
24.kg

Өзбекстандын өкмөт башчысы Кыргызстанга келди

13:36, 01 апреля 2022, Бишкек - 24.kg

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов  жумушчу сапары менен Кыргызстанга келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Абдулла Арипов Акылбек Жапаро меен эки тараптуу жолугушуу өткөрөт. Андан кийин президентинин чек арага жакын облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Өзбекстандын чектеш облустарынын акимдеринин кеңешинин төртүнчү жыйынына катышат.

Мындан тышкары, Акылбек Жапаров жана Абдулла Арипов Баткен облусунун Лейлек районунун Маргум айылындагы жалпы билим берүүчү орто мектептин ачылыш салтанатына видеоконференцбайланыш режиминде катышат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18