USD87.45EUR95.90RUB1.07
24.kg

Камчыбек Ташиев: Мындан ары өлкөнүн аймагын жана асманын Байрактар ТВ2 коргойт

15:48, 25 марта 2022, Бишкек - 24.kg

Кыргызстан өзүнүн аскердик күчүн бекемдөө үчүн гана аскердик техника сатып алууда. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Анын айтымында, 55 зооттолгон транспорт, 50 камаз сатылып алынды. Анын баарына бюджеттен акча бөлүнүп, Россиядан алынып келинген.

«Биз техника сатып алуу үчүн эч кимден акча суранган жокпуз. Кыргызстандын аймагынын коопсуздугун толук өзүбүз камсыз кылабыз. Бул техникадан сырткары, «Байрактар ТВ2» сатып алдык. Ал эми чек арада күзөткө туруп, өлкөнүн аймагын көзөмөлгө алат», — дейт Камчыбек Ташиев.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18