USD87.45EUR95.90RUB1.07
24.kg

Курманкул Зулушев: Мамлекеттик органдардын ишкерлерге жасаган кысымы жоюла элек

10:50, 24 марта 2022, Бишкек - 24.kg

Башкы прокуратуранын алдындагы ишкерлердин, инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча консультативдик кеңеш биринчи отурумун өткөрүүдө.

Баш прокурор Курманкул Зулушевдун айтымында, Кеңештин максаты -  экономикага оң жыйынтык берген бизнести коргоо. 

«Ишкерлерди колдоо, алардын укугун коргоо боюнча мамлекетибизде бир жылдын ичинде көптөгөн жылыштар болду. Бирок ага карабастан мамлекеттик органдар тарабынан ишкерлерге болгон кысым же болбосо башка мыйзам бузуучулуктар акырына чейин жоюла элек», — деди Зулушев.

Жыйынга башкы прокурор, экономика министри, салык кызматынын төрагасы, бизнес акыйкатчы, бажы кызматынын жетекчиси, ишкерлер чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү катышты.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18