USD87.45EUR95.90RUB1.07
24.kg

Бишкектин батыш тарабында муздак суу убактылуу өчүрүлөт

11:10, 14 марта 2022, Бишкек - 24.kg

«Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын маалыматы боюнча, 15-мартта саат 9:00дөн 18:00гө чейин борбор калаанын айрым райондорунда таза суу болбойт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Абакан, Дэн Сяопин, Кустанай, Волковая көчөлөрү жана темир жол линиясы менен чектешкен аймак суусуз калат.

Бул «Киркомстром» суу алгычында жана шаардагы суу түтүктөрүндө оңдоо-профилактикалык иштерге байланыштуу аргасыз чара.

Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана шаар тургундарынан ичүүчү суу камдап алууну суранат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18