USD87.45EUR95.90RUB1.07
24.kg

Кыргызстанда Антикризистик комитет түзүлдү

09:28, 14 марта 2022, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда социалдык-экономикалык чакырыктарга ыкчам чара көрүү боюнча Антикризистик комитет түзүлдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, мындай чечим президент былтыр октябрда кол койгон «2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын бекитүү жөнүндөгү» жарлыкты ишке ашыруу максатында кабыл алынды. Анын негизги милдети — өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизген дүйнөдө болуп жаткан окуяларга ыкчам чара көрүү үчүн антикризистик башкарууну түзүү.

Жаңы түзүлгөн комитетти Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жетектейт. Анын курамына бир катар мамлекеттик органдардын башчылары кирди.

Өткөн жумада Бишкектеги супермаркеттер айрым негизги товарларды сатууда чектөөлөрдү киргизип жатканы маалымдалган. Ага ылайык, бир адамга чектелүү гана өлчөмдөгү товар сатылат.

Бишкектеги ири дүкөндөрдө кумшекердин баасы 80 сомго чейин жетүүдө. Өсүмдүк майынын литри 160-170 сомдон сатылууда.

10-мартта орус өкмөтү Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөргө дан азыктарын жана кумшекерди экспорттоого 31-августка чейин тыюу салган.

Орусия 24-февралда Украинада согуш баштагандан бери доллар кескин кымбаттап, Орусияга карата катаал экономикалык санкциялар киргизилүүдө.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18