USD87.45EUR95.90RUB1.07
24.kg

Акылбек Жапаров акыйкатчы Атыр Абдрахматованы кабыл алды

09:10, 09 марта 2022, Бишкек - 24.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңеш тарабынан Кыргызстандын акыйкатчысы болуп шайланган Атыр Абдрахматованы кабыл алып, жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктады.

Акылбек Жапаров акыйкатчы мамлекеттик органдардын иш-аракеттеринин мыйзамдуулугун, адам укуктары менен эркиндиктеринин сакталышын көзөмөлдөгөн, өкмөт кызматкерлерине болгон жарандардын дооматтарын карап чыгуучу институт экенине токтолуп, ушундай жоопкерчиликтүү кызматка биринчи жолу аял киши шайланып келгенин айтып, бул тармакта жакшы жылыштар болоруна ишене турганын билдирди.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18