USD87.45EUR95.90RUB1.07
24.kg

Бишкектиктердин үйлөрүнө жылуулук берүү токтотулбайт

10:08, 01 марта 2022, Бишкек - 24.kg

Бир аз күн жылыгандыктан, бизге шаардыктардын жылытуу мезгилин токтотууну суранган билдирүүлөр келип түшүүдө. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Бишкек шаарынын мэриясы сырттагы абанын температурасына, аба ырайынын болжолуна көз салып турат, мисалы, кечээ кечинде минус температура болду.

Ал эми жалпыга маалым болгондой, бекитилген критерийлер боюнча керектөөчүлөрдү жылуулуктан өчүрүү көчөдө абанын орточо суткалык температурасы беш күн катары менен +8 градустан жогору болгондо башталат.

Буга байланыштуу шаардыктардын үйлөрүндө, мектеп жана бала бакчаларда, ооруканаларда жана башка социалдык объектилерде жылуулукту өчүрүү али эрте.

Белгилей кетсек, абанын температурасынын кескин жогорулашы менен бул маселени кароо үчүн күз-кыш мезгилине өтүү боюнча штаб түзүлөт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18