USD87.45EUR95.90RUB1.07
24.kg

ЖКга кайрадан шайлоо: Сурабалдиева менен Муртазалиев алдыга чыкты

08:55, 28 февраля 2022, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаарынын Биринчи май жана Свердлов округдарында 27-февралдагы кайра шайлоо жыйынтыкталды. БШКнын маалыматына караганда, добушканалар кечки саат 8.00дө жабылды. Автоматташтырылган эсептөө системасынын баштапкы жыйынтыгы боюнча Биринчи май округунда Элвира Сурабалдиева, Свердлов шайлоо округунда Абдурахманхажи Муртазалиев алдыга чыкты.

Биринчи май округунда шайлоо тилкелеринен 100% маалымат келип түштү. Баштапкы жыйынтык боюнча Сурабалдиева 46,09% добуш алды. Экинчи орунда талапкер Нурбек Тотонов 17,73% менен баратат.

Свердлов шайлоо округунда шайлоо тикелеринен 100% маалымат келди. Абдурахманхажи Муртазалиев 17,54% добуш алды. Экинчи орунда Шайлообек Атазов 16,28% менен баратат.

Боршайкомдун 20:00гө карата маалыматына ылайык, кайра шайлоодогу мыйзам бузууларга байланыштуу тогуз арыз түштү.

Анын алтоо добуш сатып алуу, бирөө үгүт эрежелерин бузуу, дагы бири добуш берүүнүн купуялуугун бузууга байланыштуу.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматынын бөлүм башчысы Султан Макилов шайлоодогу мыйзам бузууларга байланыштуу ИИМде 11 арыз-даттануу катталганын билдирди. Анын баары Свердлов округуна тиешелүү. Милиция эки маалымат боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тарткан.

№ 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов шайлоо округдарында бүгүн, 27-февралда кайра добуш берүү өттү. Эки округдан 50 талапкер (Биринчи май округунан 25, Свердлов округунан 25) ат салышты.

Бул округдарда былтыр 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо «баарына каршы» деген добуш көп болгондуктан, кайра шайлоо дайындалган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18