USD87.45EUR95.90RUB1.07
24.kg

Украинада жабыркандардын арасында кыргызстандыктар жок

11:17, 25 февраля 2022, Бишкек - 24.kg

Украинада жабыркандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Кыргызстандын Украинадагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 680 кыргыз жараны консулдук каттоого турган.

«Алар Одесса, Киев жана Харьков шаарларында жашашат. Жабыркагандар жок. Баары менен телефон аркылуу байланышып турабыз», — дейт элчилик.

Айрым кыргызстандыктар Украинадан чыгып кетүү үчүн Молдова тарапка жөнөп кеткени айтылат.

«Элчилик Румыния, Венгрия, Польшадан биздин жарандарды токтоосуз өткөрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз», — деп билдирди элчилик.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18