USD87.45EUR95.90RUB1.07
24.kg

Рублдин курсу кескин төмөндөп кетти

12:15, 24 февраля 2022, Бишкек - 24.kg
Бейшемби күнү эртең менен рублдин курсу кескин төмөндөгөнүн РИА Новости жазды.
 
Мындай көрүнүш Россия президенти Владимир Путиндин Донбасста аскердик операция өткөрүү чечимин кабыл алгандыгы боюнча билдирүүсүнөн кийин байкалган.
 
Москва биржасынын маалыматына таянсак, доллар 2016-жылдын январь айынан бери биринчи ирет кымбаттап 84 рублге чыккан. Ал эми евро 2014-жылдын декабрь айынан бери биринчи жолу 95 рубль болду. Москва убактысы менен саат 07:18ге карата доллар 2,92 рублге кымбаттап, 84,08 рубль болсо, евро 3,45 рублге жогорулап, 95,24 рублге жеткен.
 
Белгилей кетсек, Кыргызстанда доллар наркы ушу тапта 84,90 сом, ал эми евро 96,6 сом болуп турат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18