Сокулуктагы ооруканалардын биринде эки жашар бала каза тапты
15:19, 18 февраля 2022, Бишкек - 24.kg
Сокулуктагы ооруканалардын биринде эки жашар бала каза тапты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, азыр баланын өлүмүнүн чоо-жайы текшерилүүдө.
«Сокулук райондук ооруканага 2019-жылы туулган Т.А. келип түшкөн. Анын денеси күйгөн», — дейт милиция.