USD87.45EUR95.90RUB1.07
24.kg

Өзбекстанда ооруканадагы жарылуудан бир кыргызстандык каза болгону аныкталды

16:42, 14 февраля 2022, Бишкек - 24.kg

Өзбекстанда ооруканадагы жарылуудан 1966-жылы туулган кыргызстандык аял каза болду. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди.

Жарылуу 11-февралда Анжиян облусунун Шахрихан районундагы «Зитерия» жеке дарылоо-диагностикалык борборунда болгон. Маркумдун сөөгү Кыргызстанга жеткирилди.

ТИМдин маалыматына караганда, жарылуу фактысы боюнча «Эмгекти коргоо эрежелерин бузуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Иликтөө иштери жүрүп жатат.

Буга чейин «Оздолик» радиосу жарылуу жеке клиникада болгонун, андан 55 жаштагы бейтап мерт кеткенин кабарлаган. Маркумдун жарандыгы айтылган эмес. Өзбекстандын Башкы прокуратурасы жарылуудан жабыркагандардын саны 11 кишиге жеткенин маалымдады.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18