USD87.45EUR95.90RUB1.07
24.kg

Азиз Суракматовго карата козголгон кылмыш иши токтотулду

13:51, 08 февраля 2022, Бишкек - 24.kg

Бишкектин Биринчи май райондук соту Бишкек шаарынын мурдагы мэри Азиз Суракматовдун кылмыш ишинин мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу ага козголгон кылмыш ишин токтотту. Мындай чечимди райондук сот 25-январда эле чыгарганы белгилүү болду.

Сот отурумунда айыпталуучунун адвокаты жоруктар 2003, 2004, 2005 жана 2006-жылдарда болгонун, андан бери 15 жылдан ашык убакыт өткөнүн айтып жазык ишин кыскартуу жөнүндө өтүнүч келтирген.

Азиз Суракматов күнөөсүн моюнга алаарын, сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө түзүлгөн кызматташтык жөнүндө келишимге ылайык 170 млн. сом материалдык зыян төлөгөнүн айткан. Биринчи май райондук соту Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) депозиттик эсебинде турган ал акча мамлекеттин кирешесине которулганын билдирди.

Андан тышкары Азиз Суракматовго тиешелүү жоопкерчилиги чектелген дагы эки коом баш-аягы 17 млн. сомдон ашык каражатты бюджетке төктү. Бирок ишканалардын аты айтылган жок.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18