USD87.45EUR95.90RUB1.07
24.kg

Токон Мамытов Баш прокуратурада сурак берүүдө

11:36, 08 февраля 2022, Бишкек - 24.kg

Мурда вице-премьер-министр Токон Мамытов Башкы прокуратурада сурак берип жатат. Бул тууралуу башкы көзөмөл органдын басма сөз кызматы тастыктады. Маалыматка ылайык, Мамытов 2009-жылдагы кыргыз-тажик чек арасына тиешелүү протокол боюнча прокуратуранын суроолоруна жооп берүүдө.

Жогорку Кеңештеги «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров буга чейин аталган протокол боюнча прокуратурада онго жакын сурак берип чыккан.

Мадумаров 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп иштеп турганда кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу 14-январдан тарта күбө катары сурала баштаган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18