USD87.45EUR95.90RUB1.07
24.kg

Бишкек шаарында административдик имараттардын тосмолорун алуу уланууда

15:52, 03 февраля 2022, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаарында административдик имараттардын жанындагы тосмолорду алуу иштери уланууда.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, бул жолу Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Фрунзе, Турусбеков көчөлөрү менен Манас проспектисинин боюндагы тосмолору алынды.

Тосмолорду алуу иштеринин максаты — шаар куруу жана архитектуралык ишмердүүлүк чөйрөсүндө бирдиктүү стратегиялык саясатты ишке ашыруу жана борбордун эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу болуп саналат.

Бишкек шаарынын мэриясы мамлекеттик органдардын жана коомдук мекемелердин администрацияларынан тосмолорду өз ыктыяры менен алууну суранат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18