USD87.45EUR95.90RUB1.07
24.kg

Кыргыз-тажик чек арасындагы ахыбалды иликтөөчү комиссия түзүу сунушталууда

10:48, 02 февраля 2022, Бишкек - 24.kg
Жазгуль МАСАЛИЕВА

Кыргыз-тажик чек арасындагы ахыбалды талдоочу комиссия түзүу сунушталууда. Бул тууралуу депутат Султанбай Айжигитов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, депутаттык топ түзүлүп, чек ара боюнча маселелерди толук карап чыгуу зарыл.

«Кантип биз кошуналар менен ушул абалга жеттик? 30 жылдан бери жасалган иштерди текшерип, анализдеп чыгуу керек. Бул күнөөлөрдү издөө аракети эмес. Стратегиялык планды иштеп чыгуу керек. Азыр чатак чыкканда эле барып, басып койгон жарабайт. Болбойт. Анткени, бүгүнкү күндө чыр-чатактар жогорку деңгээлге чыкты. Ал спецслужбалардын спецоперациясына айланып кетти», — дейт Султанбай Айжигитов.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18