USD87.45EUR95.90RUB1.07
24.kg

Каркыра жайлоосунда кармалган кыргыз жаранынын Казакстанда соту күтүлөт

10:52, 27 января 2022, Бишкек - 24.kg

Каркыра жайлоосунда кармалган кыргыз жараны Сыймык Өмүрбек уулунун Казакстанда соту күтүлөт. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Кыргызстандын Башкы консулу Назарали Арипов билдирди.

Анын айтымында, Сыймык Өмүрбек уулу чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө айыпталууда. Учурда ал тергөө абагында олтурат.

1999-жылы туулган Сыймык Өмүрбек уулуну Каркыра жайлоосунда мал багып жүргөн жеринен казак чек арачылары 10-январда кармап кетишкен.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18