USD87.45EUR95.90RUB1.07
24.kg

Кыргызстан Абу-Даби шаарына учкучсуз учактар менен кол салууну айыптайт

12:00, 20 января 2022, Бишкек - 24.kg

Кыргызстан Абу-Даби шаарына учкучсуз учактар менен кол салууну айыптайт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Министрлик кол салууну террордук акт катары белгилейт.

«Абу-Даби шаарынын жарандык жана өнөр-жай объектилерине, эл арасында курмандыктарга алып келген, учкучсуз учуучу аппараттарды пайдалануу менен кол салууларды айыптайт. Бул аракеттерди аймактагы кырдаалды туруксуздаштырууга багытталган террордук акт катары баалайт», — дейт ТИМ.

Кыргызстан Бириккен Араб Эмираттарынын өкмөтүнө жана элине колдоосун билдирген.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18