USD87.45EUR95.90RUB1.07
24.kg

Коңшу өлкөлөрдүн энергетика министрлерине Токтогул суу сактагычын көрсөтүшөт

10:16, 19 января 2022, Бишкек - 24.kg

Энергетика министрлиги Казакстан менен Өзбекстандын энергетика министрлерин «Токтогул» суу сактагычындагы абалды көрүп кетиш үчүн Кыргызстанга чакырды. Бул тууралуу энергетика министри Доскул Бекмурзаев 18-январда парламенттин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу комитетинин жыйынында айтты.

«2022-2023-жылдан өтүү боюнча январдын үчүнчү декадасына Казакстандын энергетика министрин, суу тармагындагы министрин, Өзбекстандын да энергетика министри менен суу тармагындагы жетекчисин чакырдык. Аларды «Токтогул» ГЭСине алып барып суунун көлөмүн көрсөтөбүз. Ортобузда атаандашуу болбой шериктеш бололу деп сунуш кылып кат жөнөттүк».

«Электр станциялары» ишканасынын сайтында суу сактагычтагы суунун көлөмү 18-январга карата 9 млрд. 559 куб метрди түздү.

Кыргызстан Токтогулдагы суунун аздыгынан оор кырдаалдын алдын алуу үчүн Казакстандан, Өзбекстандан алмашуу жолу менен электр энергиясын алып жатат. Электр жарыгын Түркмөнстандан да импорттой баштаган.

«Токтогул» суу сактагычы Нарын дарыясына курулган. Ага башка дагы бир катар дарыялар — Көкөмерен, Чычкан, Узун-Акмат, Таркент жана башкалар куят. Өткөн жылы өлкө бийлиги аба ырайына байланыштуу суу аз болорун эскерткен. Жайында Кыргызстан коңшулары Казакстан менен Өзбекстанга сугат үчүн «Токтогулдан» суу кое берет.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18