USD87.45EUR95.90RUB1.07
24.kg

Кыргызстанда омикрон штаммы катталды

13:03, 12 января 2022, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда COVID-19 вирусунун омикрон штаммы катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кабарлады.

Омикрон эки адамдын анализинен аныкталды.

«Республика боюнча анализдерди чогултуп, штаммды аныктоо үчүн Бишкекке алып келинсин деген тапшырма бердим», — дейт Алымкадыров.

Акыркы бир суткада коронавирусту 465 адам жуктуруп, беш айдагы эң чоң көрсөткүчкө жетти. Бир күндө эки киши оорудан көз жумду.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18