USD87.45EUR95.90RUB1.07
24.kg

Кумтөр иши. Тайырбек Сарпашев өлкөдөн кетпөө тил каты менен кое берилди

13:56, 11 января 2022, Бишкек - 24.kg

«Кумтөр иши» боюнча кармалган мурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев жашаган жеринен кетпөө тил каты менен кое берилди. Анын бөгөт чарасы 10-январда каралганын Биринчи май райондук сотунан кабарлашты. 19-январда Сарпашевдин соту белгиленди.

2021-жылдын октябрь айында мурдагы чиновник үй камагынын талаптарын бузуп, кызматташуу боюнча өзүнө жүктөлгөн милдеттенмелерди аткарган эмес деген жүйө менен атайын кызматтын тергөө абагына кайра камалган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кумтөр алтын кенин иштетүүдөгү коррупцияга шек саналып жаткан мурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевди былтыр 17-июнда кармаган. 29-июнда Биринчи май райондук соту аны үй камагына чыгарган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18