USD87.45EUR95.90RUB1.07
24.kg

Калмаматов Исаковго, Келдибековго каршы көрсөтмө берип жатканын четке какты

16:29, 28 декабря 2021, Бишкек - 24.kg

Бактыбек Калмаматов Исмаил Исаковго, Ахматбек Келдибековго, Өмүрбек Текебаевге жана Жылдызкан Жолдошевага карата көрсөтмө берип жатканын четке какты. Бул тууралуу анын катында айтылат.

Бактыбек Калмаматов камакка алынгандан бери бир да жолу суракка алынбаганын айтат.

«Бийлик менен сүйлөшүүөрдү жүргүзүп жатыптыр, Исмаил Исаковго, Ахматбек Келдибековго, Өмүрбек Текебаевге жана Жылдызкан Жолдошевага карата көрсөтмө берип жатыптыр деген маалыматтар толугу менен жалган жана кимдир бирөөлөргө карата каршы көрсөтмө берүү ниетим да жок. Андай болушу да мүмкүн эмес. Тескерисинче, мага кырдаалдан көз карандысыз ар тараптан колдоо көрсөтүп жатышкан ар бирине, өзгөчө калың элиме терең ыраазычылык билдирем», — дейт ал.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18