USD87.45EUR95.90RUB1.07
24.kg

COVID-19. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму балдарды эмдөө каршы чыкты

10:57, 23 декабря 2021, Бишкек - 24.kg

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму балдарды коронавируска каршы эмдөө каршы чыкты. Бул тууралуу эл аралык ЖМК билдирет.

Уюм балдар арасында вирустан улам оор абалга кептелгендердин саны өтө аз. Андан сырткары, көпчүлүк өлкөлөрдө чоңдо арасында дагы эмдөө жай жүрүп жатканы айтылат.

«Саламаттыкты сактоо уюму балдар жана өспүрүмдөр арасында жапырт эмдөө жүргүзүүгө каршы. Дүйнө элинин вирусту оор көтөргөн катмары толугу менен эмдөөдөн өтө элек», — дейт ДССУ.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги 16-18 жаштагы өспүрүмдөрдү эмдөө чечимин кабыл алды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18