USD87.45EUR95.90RUB1.07
24.kg

COVID-19. Бир суткада 66 кишиден вирус аныкталып, 2 бейтап каза болду

09:08, 09 декабря 2021, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда 9-декабря карата коронавирус дагы 66 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 41, Ош шаарында - 2, Чүй облусунда — 16, Ош облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда — 5, Баткен облусунда — 1 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 74 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 23, Чүй облусунда — 12, Ош облусунда — 8, Нарын облусунда - 9, Ысык-Көл облусунда — 11, Баткен облусунда — 4, Жалал-Абад облусунда — 7 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Бишкек шаарында жана Ош облусунда бирден бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 365 бейтап, амбулатордук түрдө 347 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 183 миң 810 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 178 миң 851 киши айыгып чыкса, 2 миң 764 адам каза болду.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18