USD87.45EUR95.90RUB1.07
24.kg

Жер тилкелерин тариздөө жөнөкөйлөштүрүлдү

09:05, 08 декабря 2021, Бишкек - 24.kg

Жер тилкелерине укуктарды күбөлөндүрүүчү документтерди тариздөө жана кыймылсыз мүлк бирдиктерине техникалык изилдөө жүргүзүү чөйрөсүндө физикалык жана юридикалык жактарга мамлекеттик кызмат көрсөтүү процедурасы жөнөкөйлөштүрүлдү. Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

«Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн жер тилкелерин укуктарды күбөлөндүрүүчү документтерди тариздөө жана кыймылсыз мүлк бирдиктерине техникалык изилдөө жүргүзүү чөйрөсүндө мамлекеттик кызмат көрсөтүү маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» министрлер кабинетинин аталган токтому ченемдик-укуктук актыларындагы мүчүлүштүктөрдү четтетүү максатында иштелип чыккан жана расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18