USD87.45EUR95.90RUB1.07
24.kg

Президент, Жогорку Кеңеш жана министрлер кабинетинин иш башкармалыктары бирикти

17:00, 02 декабря 2021, Бишкек - 24.kg

Президент Садыр Жапаров мамлекеттик бийлик органдарынын ишин материалдык-техникалык жана финансылык камсыздоону өркүндөтүү жөнүндө жарлыкка кол койду.

Өлкө башчынын басма сөз кызматы бул жарлыктын негизинде Жогорку Кеңештин иш башкармалыгынын базасында президенттин иш башкармасы түзүлөрүн билдирди.

Президенттин иш башкармасы өлкө башчынын, Жогорку Кеңештин, Министрлер кабинетинин, президенттин администрациясынын жана парламенттин аппаратынын ишин материалдык-техникалык жана финансылык камсыздоону ишке ашырат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18