USD87.45EUR95.90RUB1.07
24.kg

Казакстан Кытайдан жүк өткөрүүнү калыбына келтирүүнү сурады

09:45, 26 ноября 2021, Бишкек - 24.kg

Казакстан премьер-министри Аскар Мамин 25-ноябрдагы Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) өкмөттөрүнүн башчыларынын жыйынында кытай аткаминерлеринен Казакстандан Кытайга жүк ташууну калыбына келтирүүнү сурады.

Кытай былтыртан бери коронавирус пандемиясына байланыштуу темир жол аркылуу ташылган буудай, түстүү металл сыяктуу чийки заттарды кабыл албай келет. Казакстандык жеткирүүчүлөр мунун айынан миллиондогон чыгым көрүп жатканын айтышууда.

Кытай мындан тышкары автоунаа аркылуу жүк ташууга да чектөө койгон. Ноябрдын башында Казакстандын Каржы министрлигинин киреше комитети Кытай менен чек арадагы «Нурлуу жол» бажы бекетинде 10 миңден ашуун жүк ташуучу унаа кезек күтүп жатканын маалымдаган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18