USD87.45EUR95.90RUB1.07
24.kg

«Талибан» мамлекеттик кызматкерлерге айлык төлөй баштады

11:32, 22 ноября 2021, Бишкек - 24.kg

«Талибан» өкмөтү үч айдан бери айлыксыз иштеп жаткан мамлекеттик кызматкерлерге 20-ноябрдан маяна бериле баштаганын билдирди.

«Үч айлык эмгек акы дароо берилет», — деди каржы министри Ахмад Вали Хакмал Кабулда өткөн басма сөз жыйынында. Анын билдиришинче, акыркы айларда 277 миллион доллар салык жыйналды. Маяна ушул акчадан төлөнөт.

Ооганстанда бийликти талиптер басып алган 15-августтан бери каржылык кризистен улам кызматкерлер айлыксыз иштеп жатышкан эле.

Экономикалык каатчылык АКШ өз банктарында Кабулга таандык 10 миллиард долларды тоңдуруп койгондон кийин күчөгөн. Дүйнөлүк банк жана Эл аралык валюта кору да Ооганстанга каржылык көмөк көрсөтүүнү токтоткон.

«Талибан» бийликти басып алганга чейин ооган өкмөтүнүн чыгымдарынын 75% батыштагы донор мамлекеттер жаап келген.

«Талибан» кыймылы Кыргызстанда 2006-жылы соттун чечими менен экстремисттик деп табылган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18