USD87.45EUR95.90RUB1.07
24.kg

Өзбекстанда коронавируска каршы эмделбеген 26 миңден ашык жаран иштен алынды

10:19, 22 ноября 2021, Бишкек - 24.kg

Өзбекстанда август айынан бери коронавируска каршы эмделбеген 26 миңден ашык жаран убактылуу жумуштарынан бошотулган. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кабарлашты.

Маалыматка караганда, Санитардык-эпидемиологиялык кызматтын өкүлдөрү мамлекеттик жана менчик субъектилерде 28 миңге жакын текшерүү жүргүзгөн. Жыйынтыгында 50 миң кызматкер вируска каршы вакцина ала электиги маалым болгон. 2225 учур боюнча айып пул салынып, 179 объект ишин убактылуу токтоткон.

Өткөн жумада Ташкент облусунда эле 3200 киши коронавируска каршы эмделбегени үчүн кызматтан алынганы кабарлаган.

Августта президент Шавкат Мирзиёев иш берүүчүлөргө вакцина алуудан баш тарткан кызматкерлерди жумушка чыгарбоого укук берген мыйзамга кол койгон.

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18