USD87.45EUR95.90RUB1.07
24.kg

Кыргызстанда ВИЧ менен төрөлгөн балдардын саны азайды

16:16, 17 ноября 2021, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда ВИЧ менен төрөлгөн балдардын саны 2,7 пайызга чейин кыскарды. Бул тууралуу республикалык «СПИД» борборунун директору Үмүт Чокморова билдирди.

Анын маалыматында, 2009-жылы ВИЧ менен ооругандардын балдардын 39 пайызы энесинен жуктурган. Бул азыр 2,7 пайызды түзөт.

«Азыр кош бойлуу аял эки жолу ВИЧке анализ тапшырат. Мурда бир жолу тапшырып, бирок кийин кайра ВИЧ аныкталчу. Аял менен бирге күйөөсү дагы эки жолу текшерүүдөн өтөт», — дейт ал.

Андан сырткары, учурда вирус аныкталышы менен аны дарылоо башталып, башка кишиге жугузуу мүмкүнчүлүгүн төмөндөттү.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18