USD87.45EUR95.90RUB1.07
24.kg

Орусияда курулуш объектисиндеги өрттөн төрт өзбек жараны каза болду

15:29, 15 ноября 2021, Бишкек - 24.kg

Москва облусунун Солнечногорск районундагы курулуш объектисинде чыккан өрттөн төрт киши каза болуп, дагы экөө жаракат алды. Бул тууралуу Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, өрт жергиликтүү убакыт боюнча 10:30дарда башталып, 15:40та толугу менен өчүрүлүп бүткөн.

Өзбекстандын Тышкы миграция маселелери боюнча агенттиги өрттөн өлкөнүн төрт жараны каза болгонун кабарлады. 

«Кырдаал көзөмөлгө алынып, биздин жарандардын сөөгүн мекенине жеткирүү боюнча чаралар көрүлүп жатат», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18