USD87.45EUR95.90RUB1.07
24.kg

Соттолуп кетесиңер. Садыр Жапаров жарандарды шайлоодо добушун сатпоого чакырды

11:30, 15 ноября 2021, Бишкек - 24.kg
«Шайлоодо добушун саткан да, сатып алып жаткан жарандар да жоопко тартыласыңар», — деп эскертти президент Садыр Жапаров.
 
Өлкө башчысы шайлоодо добуш сатып алууга 1,5-2,5 жылга эркинен ажыратуу каралганын белгилейт.
 
«Жазык кодексинде ушундай берене бар. Ошондуктан, шайлоочулар добушуңарды сатпагыла, талапкерлер сатып албагыла. Эгер ушундай көрүнүштөр боло турган болсо, укук коргоо органдары катуу чара көргүлө! Мындан ары Кыргызстанда таза шайлоо салтын орнотобуз. Буга чейинки шайлоолор тарых болуп кала берсин», — дейт Садыр Жапаров.
 
 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18